• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Салык кызматы: Лотереянын жеңүүчүлөрүн алдаган шылуундар пайда болду

4 Теке 2023 15:37 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө алдоо жолу менен акча алуу максатында телефон чалуу боюнча алдамчылык фактылары тууралуу эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, лотереянын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду.

Мамлекеттик салык кызматы лотереянын катышуучулары утуп алган байгелер толугу менен бекер берилерин жана эң негизгиси, алар мамлекеттик лотерея болгондуктан салык салынбай турганын билдирет.

Ушуга байланыштуу, лотереянын жеңүүчүлөрүн сак болууга жана алдамчыларга ишенбөөгө чакырабыз. Эгер ушундай чалуу болсо, укук коргоо органына кайрылууңузду суранабыз.

Учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия лотереянын жеңүүчүлөрүн лотереянын шарттарына жана талаптарына жооп беришин текшерип жатат.

Текшерүү аяктагандан кийин салык кызматкерлери жеңүүчүлөрдү сыйлыктарды алуу үчүн негиз болгон сертификаттарды тапшыруу аземине чакырат.

Эскерте кетсек, 26-июндан 1-июлга чейин «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабы өтүп, анын жыйынтыгында 1183 баалуу байгенин, анын ичинде 10 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Количество просмотров: 125