• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн байланышка чыгууну суранат

7 Бештин айы 2023 12:53 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшыруу процессин аяктады.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө 1 миң 132 жеңүүчүнүн ичинен 1 миң 125 адам өз байгелерин алышты. Бирок, телефондору өчүк болгондуктан 7 жеңүүчү жеткиликсиз бойдон калууда.

Байгелерин алыша элек жеңүүчүлөр:

iPhone 14:

  • Карим Юнусов;
  • Руслан Мурсабеков.

Смартфон:

  • Алик Шамшидинов;
  • Эрнис Ибраев;
  • Жамиля Сагынбекова;
  • Динара Рысбекова;
  • Нурдин Наралиев.

Салык кызматы аталган жеңүүчүлөрдү байгелерин алуу үчүн лотереянын уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат: (0500) 48-79-62, (0990) 09-20-42, (0221) 80-44-86

Эгерде, жеңүүчүлөр 12-декабрга чейин байланышпаса, лотереянын шарттарына ылайык, талап кылынбаган байгелер кийинки утуштун байге фондуна өтөт.

Эскерте кетсек, кийинки утуштар 25-30-декабрда өтөт, анда 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп, товарларды же кызматтарды сатып алуудан алган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Количество просмотров: 759