Бүгүн, 18-декабрда ЖКнын жалпы жыйынында Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин каралып жатканда Дастан Бекешев жаңы салыктык талаптар боюнча коомчулукта нааразылыктар да бар экенин айтты.
Ал Адылбек Касымалиевге кайрылып, бул багытта кандай өзгөрүүлөр болоруна кызыкты.
Касымалиев алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын айтты.