• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Салыкчылар күчөтүлгөн тартипте иштешет

28 Баш оона 202410:51 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын салык органдары салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салык кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.

Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Количество просмотров: 90