• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Салыкчылар өлкө бюджетинен 217 миллион сом уурдашты деп камалышты

9 Жалган куран 2018 17:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.03.2018. Govori.TV.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө бюджетинен 217 миллион сомдун уурдалышы боюнча шектүүлөрдү кармаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин айрым юридикалык жактар салык органдарына Кытайдан келген товарларга кошумча нарк салыгы боюнча жалган отчетторду тапшырып турганы маалымдалган. Иш жүзүндө кошумча нарк салыгы төлөндү делген товарлар ири соода-база комплекстерине таандык ишкерлерге таандык болгон.
6-мартта УКМКнын кызматкерлери салыкчылар менен бажычылардын имараттарын, «Полларис» менен «Интеррустрейд» ишканаларын жана «Дордой» соода-базар комплексинин айрым кампаларын тинтүүгө алган. Ошондой эле кылмыш ишине шектүүлөрдүн жашаган жерлери иликтенген. Анын жыйынтыгында жасалма документтер, чет элдик жалган фирмалардын мөөрлөрү алынган.
6-7-мартта жогоруда аталган ишканалардын А.Б.А. жана М.А.А деген өкүлдөрү, К.Э.С., Б.М.Ж., Б.Д.С., Б.А.А., Р.М.К. аттуу салык органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелип кармалган.
8-мартта кармалгандарга айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
Учурда аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.
Количество просмотров: 27