• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Самара Каримова Боинг-747 учагынын курмандыктарынын элесине ыр арнады

16 Үчтүн айы 2018 19:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.01.2018. Govori.TV.

Ырчы Самара Каримова Дача-СУ айылына кулаган учактан мерт болгондордун элесине ыр арнады.

https://www.youtube.com/watch?v=K4ptoyeG4bs

Эскерте кетсек, мындан бир жыл мурун Чүй облусунун Дача-Су айылына Гонконг-Стамбул каттамы менен бара жаткан жүк ташуучу учак «Манас» эл аралык аэропортуна конуу алдында кыйроого учураган.

Учак кулап 39 адамдын өмүрүн жалмап кетти. Орду толгус каргаша болду. Балдар жетим, далайлар жесир калды. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун. Калган өмүрун балдарына, жакындарына берсин.

1 жыл өттү. Эми артка көз чаптырып, саресеп салсак

Кыргызстанда ондогон адам өмүрүн алган кырсыктар болуп турат. Москвада өрттөнүп кеткен кыргыз кыздар, Аюу-Сай айылында жер көчкү астында калгандар жана жол кырсыгынан ондоп кыйрап калгандар болот.  2008-жылы Кыргызстандын баскетбол боюнча жаштар курамасы учуп бара жаткан учак кулап 60тан ашуун адам каза болгон.

Бирок, Дача СУ каргашасындагыдай ызы-чуу (паника) биринчи жолу болсо керек.

Учак кулаган алгачкы сааттардан баштап эле Кыргызстанда кырсыктын кесепетин жойчу өкмөт, ӨКМ бар экендигин унутуп койдук. Кошок айтылып, аза күтүүгө айланып жатып калган социалдык тармактар аркылуу жардам берүү пунктары, атайын эсептер ачылып ысык тамак, жылуу кийимибизди чогултуп кирдик. Жалпы Кыргызстан мобилизациялангандай эле болду.  Элдин ынтымагы, жардам колун сунганы жакшы деңизчи, бирок аябай эле ызы-чууга ( паникага) алдырган жокпузбу? Бүт Бишкек чогулткан эски-уску кийимдерди кийиштиби же ӨКМдин атайын эсеби ачылганга чейин ачылган эсептер кимдир-бирөөгө отчет бердиби?

ӨКМдин атайын эсебине түшкөн акча тууралуу

Ооба, көп түкүрсө көл болот дейт, эл 100 миллион сомдон ашуун каражат чогултуп беришти. Бирок, бул акча чогултуу башында өз каалоосу менен бергендер болсо, кийинчерээк бардык мамлекеттик,  жеке менчик  мекемелерде милдетүү акча чогултууга айланып, мектеп окуучуларынан бери акча чогултулуп кетти.

Акча бар жерде чыр бар же каза болгондордун жакындары тууралуу

Эл чогулткан 100 миллион сомдон ашуун акча кийинчерээк чырдын себебине айланды. Дача СУлуктар менен каза болгондордун жакындарынын ортосунда акча бөлүшүүдө чыр чыкты. Журналисттер, коомчулук ӨКМдин эсебине чогулган акча орто жолдон уурдалып, желип кетпедиби деп отчет сурап жаткан чакта, каза болгондордун жакындары алган акчаларынын суммасын айтпай тургандыгын билдиришти. Бул өкмөткө майдай жакты. Акчаны эл чогултту, бирок эсеп өкмөттүкү болгондуктан жардамды өкмөт берип жаткандай болушту. Кийинчерээк түркиялык авиакомпания дагы кенемте төлөп берди. Бирок, 100 миллион сомдон ашуун акча чогултуп жардам колун сунган эл түрктөр канча кенемте төлөгөнүн билүүгө да татыксыз болуп чыкты. Жакындарын жоготуп, күйүтү күчтүү болуп тургандардын алган жардамын эсептөөгө акыбыз жок деңизчи, анткен менен кыргыз  өкмөтүнүн кескилик жайын билген жаныбыз канчасын сугунуп алышты элдин көзөмөлү болсо болмок деген эле кеп.

Өкмөт жана ӨКМ тууралуу

Кыргыз өкмөтү мындай кырсык учурунда чабал экенин көргөздү. Бирдиктүү маалымат булагын түзө албай, камерасын көтөрүп чуркаган журналисттер менен фэйсбукта аза күтүп, кошок кошуп отурган колдонуучулардын тебелендисинде кала берди. Болбой эле койсун, бирок непаадам ири кырсык болсо өкмөт кол куушуруп эле фэйсбукту карап отуруп бергидей. Болбосо, кырсык болгон алгачкы сааттан тарта бардык жардамды ӨКМ көргөзөт, ызы-чууга алдырбагыла деп, каргашанын кесепетин жойсо болмок.

Ал эми учактагы жүк тууралуу кийинчерээк бирдеме дээрбиз. Дегендер камалып, камалбаганы миллиондогон доого жыгылып отурат.

Количество просмотров: 9