• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Самара Каримова менен Нурлан Насиптин «Бололу бирге» деген ыры өзбектерге таандык болуп чыкты (видео)

26 Бештин айы 2017 11:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.17.Govori.TV

Интернет тармагына Нурлан Насип менен Самара Каримованын аткаруусундагы “Бололу бирге” ырын кичинекей кыз менен өзбек жигити өзбек тилинде үйлөнүү тойдо ырдашкан видео жүктөлүп, учурда соцтармактын колдонуучуларына бул ырдын автору ким экени кызык болуп жаткан кези. Анда бул ыр Казакстандыкыбы же Өзбекстандыкыбы деген суроо жаралган. Бул суроо боюнча Govori.TV сайты ырчыларга кайрылып көрүштү.

Самар Каримова: “Бул ырга уруксатты мен алган эмесмин”

“Бололу бирге” ырына уруксатты Нурлан Насип алган. Анткени бул ырды мен Нурлан Насиптин сунушу менен ырдап чыккам. Мен ойлочумун казактардын ыры деп анткени эң биринчи казакча вариантын уккам. Көрсө казактардыкы эмес өзбектердин ыры экен. Бул ыр 60-жылдары бир киного саунтрек болуп чыгып, ошондон бери өзбек элинин жакшы көргөн ыры экен. Бизге аранжировкасын Ильяз Абдразаков жасап, үнүн Эдил Маматовго жаздырганбыз, ал эми клипти Эрнист Сыдыков тарткан. 2017-жылдын жыйынтыгы менен “Бололу бирге” ыры  эң ийгиликтүү, жемиштүү ыр болду деп эсептейм.

Нурлан Насип: “ Бул ырды мага тааныш байкелер сунуштаган”

Ооба, “Бирге бололу” ырына уруксатты мен алгам. Бул өзбектердин ыры аны өзбек акыны Мерхали Махмудов жазган,  ал эми биз ырдап жаткан ырдын тексти казакстандык жаш акын Ерболат Каракойшыга таандык. Башында бул ырды тааныш байкелер мага сунуштаган. Чогуу ырдап чыгуу боюнча Самара Каримовага айтсам макул болуп ушул жылдын январь айында ырдын үнүн жаздырып, клипти февраль айында тартканбыз.

 

https://www.youtube.com/watch?v=8w4Z8MGeY04&feature=youtu.be

 

 

Количество просмотров: 55