• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Самарбү Кушубакова: Жаңы ачылыштар болду

19 Бугу 202517:12 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Самарбү Кушубакова болду. Ал Сокулук районунан келген, жеке ишкер. Ал эч кандай кошулмасыз, экологиялык жактан таза жана ден соолукка пайдалуу жемиш кургатмасын даярдайт.

«Кыйын» долбоорунда ал үчүн жаңы ачылыштар болгонун жашырган жок.

Количество просмотров: 141