• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат

11 Жетинин айы 2022 9:23 Бишкек Govori.TV

11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат. Жети өлкөнүн лидерлери катышары кабарланган жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланат.

Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө.

Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн уюмдун саммити Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул иш-чарага өзбек бийлиги даярдык көрүп, аны чагылдыруу үчүн буга чейин аккредитация албаган айрым маалымат каражаттардын кабарчыларын да чакырды.

Уюмдун катчылыгынын маалыматына караганда, Самарканддагы саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан президенттери, байкоочу өлкө болгон Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Калк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүүдө.

Бул жолку жолугушуу «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам» деген ураан алдында уюштурулуп жатат. Анын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыктан тарта экономикалык байланыштарды чыңдоо, транспорт жана бажы иши, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор да талкууланары айтылды.

Саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери Түрк инвестициялык фонду, биргелешкен соода үйлөрүн ачуу жана Турансез экономикалык аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация да катышат. Жапаров Самаркандга 10-ноябрда учуп барды.

Анын алдында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев уюмдун баш катчылыгына Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын билдирген.

Количество просмотров: 81