Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Самарканд шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулашкан.
Эки өлкөнүн лидерлери ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.
Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.