• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Самат Матцаков 2-февралга чейин камакта калтырылды

30 Бештин айы 202411:37 Бишкек Govori.TV

30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочу Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартты.

Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот 27-декабрда да болгон.

Анда жактоочулары сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Количество просмотров: 197