Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинде айрым президенттер өз суусун ала келишкенин казак журналисти Асет Матаев байкап, өзүнүн социалдык баракчасына жазган.
Анын айтымында орус лидери француздардын EVIAN суусун ичет.
«Кыргызстан менен Түркиянын президенттери да өздөрүнүн суусу менен келишкен. Калган жетекчилер жаңы Казакстандын “Туран” суусун ичишет.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Садыр Жапаров саммитте «Легенда» чарбалык суусун ичип жатат. «Биз сууну бардык жака алып кетүүгө аракет кылабыз», — деди ал.