• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мирлан Самыйкожо мектептерге китеп алуу үчүн депутаттардын айлыгынан акча бөлүүнү сунуштады

7 Аяк оона 2023 11:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мектептерге окуу китептерин алып берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысынан акча бөлүүнү сунуш кылды.

Анын айтымында, мындай демилгени Жогорку Кеңеш баштап берип, башка да мамлекеттик мекеме-ишканалар, ишкерлер улантса китеп көйгөйүнүн чечилишине салым болмок.

«Билим берүү тармагы китептерге муктаж болуп жатат. Бул келечегибиз үчүн чоң маселе. Китепке 5 миллиард сом акча керек экен. Биз айлыгыбыздан бөлүп берели. Мекемелер улантсын, азаматтар улантсын. Мен ушуну сунуш кылат элем, айлыктан акча бөлүп, биз баштап берели», — деди депутат.

Количество просмотров: 583