• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Самыйкожо жыйынга телефонсуз кирүүдөн баш тартты

10 Тогуздун айы 2022 11:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо телефонсуз жыйынга кирүүдөн баш тартты.

«Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап койобу, анда кирбей эле койсун депутаттар»,- деди Самыйкожо.

Белгилей кетсек бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселеси боюнча жыйын өтүүдө.

Бирок, жыйынга ЖМК өкүлдөрүнүн камераларын киргизүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Маалыматка ылайык, жыйын учурунда журналисттер кагаз жана ручка колдоно алышат. Компьютер жана телефонго да алып кирүүгө тыюу салынды.

9-октябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Кабарга» берген маегинде: «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деп айткан.

Количество просмотров: 4961