• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

“Санариптик сабаттуулук 3.0” биринчи блокчейн форуму өттү

23 Чын куран 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

23-апрелде Бишкекте “Санариптик сабаттуулук 3.0” биринчи блокчейн форуму өтүп жатат.

Иш-чарага «Ишкер» бизнес клубу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Bybit, Dexfin, Binance, EMCD жана Whitebird сыяктуу ири компаниялардын эксперттерин чогулткан.

Алар 400 ашык катышуучуларга санариптик дүйнөнүн жаңы реалдуулуктары, натыйжалуу тоо-кен казып алуунун өзгөчөлүктөрү жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө айтып маалымат беришти.

Ал эми президеттик администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев алгачкы ирет өтүп жаткан иш-чаранын максатына токтолду.

«Бул иш-чара блокчейн технологиясы эмне үчүн керектигин жайылтуу максатында өтүп жатат. Негизинен эле блокчейн технологиясы көптөгөн тармактарды өзүнө камтыйт, алардын негизгиси болуп биржа эсептелинет. Ал эми учурда жарандар бул иштин тобокелчиликтерин жакшы түшүнө беришпейт. Ал эми биз мамлекет тарабынан жарандарга ушул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн керек. Бул багытта биз мамлекеттик системалар да колдонуу багытын карап жатабыз. Себеби бул технологиясы өлкөдөгү финансылык кызматтарды көрсөтүүдө көмөкчү болот», — деди ал.

Анда катышуучуларга санариптик сом концепциясы жана анын бизнести жана мамлекеттин өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу маалыматтар берилди.

Количество просмотров: 97