• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Санитардык талаптарды аткарбаган 20дан ашык кафе-ресторан, клубдар аныкталды

18 Баш оона 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте санитардык талаптарды бузуп жана кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандар, клубдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Маалыматка караганда, 15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлдү.

Кафе-ресторандар, клубдар эреже сактабаганы рейддин жүрүшүндө белгилүү болгон.

Финансы полициясы тамактануу, көңүл ачуу жайларында эл топтолгон учурларды көргөндөрдү 1955, 0312 54-39-80, 0312 54-17-12 телефондоруна кабарлап коюуга чакырат.

Количество просмотров: 83