Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Wildberries’тин кампасы өрттөндү. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт Москва шоссесинин 153 дарегинде чыккан. Тилсиз жоонун аянты 50 миң чарчы метрге чейин жеткен.
Wildberries Telegram-каналы өрттөнгөн кампадагы адамдар эвакуацияланганын билдирди.
«Сатып алуучуларга буйрутмалар үчүн акча кайтарылып берилет. Сатуучуларга бузулган же жоголгон буюмдар үчүн компенсация төлөнөт», — деп билдирди компания.