• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Сапат» билим берүү мекемеси мөөрүн, жалпы мүлкүн «Маарифге» өткөргөнүн билдирди

2 Үчтүн айы 202517:12 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл алдында Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондуна өткөндүгүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабарлаган.

Андан кийин аталган билим берүү мекемеси бул иш абдан күтүүсүз болгонун жана мындан ары мыйзам талаасында иш алып барарын билдирген эле.

Бүгүн 2-январда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган:

«Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик “Маариф” фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз».

Количество просмотров: 423