• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сариев менен Жээнбековдун тарапташтары сот алдына чогулушту

24 Аяк оона 202111:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жана мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.

24-сентябрда сотто алардын баш коргоо чарасы каралууда. Сыртта чогулгандар саясатчыларды бошотууну талап кылып жатышат.

Алар «Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалышкан. Жээнбеков 31-майдан, Сариев 3-августтан бери камакта.

Количество просмотров: 747