• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сары-Челек коругуна барчу жолдор оңдолууда

3 Кулжа 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Сары-Челек коругуна барчу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Аксы районун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сары-Челек жолунда туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ДЭУ-12 ишканасы Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу менен биргеликте жолдорду кеңейтип,оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Сары-Челек коругу 1959-жылы уюшулган. Анын аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет. Анын ичинен жаңгак токою баскан аянт 2 миң 66 гектар.

«Сары-Челек» коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ал эми, 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар объекттеринин тизмесине Батыш Тянь-Шандын бир бөлүгү катары кирген.

Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт.

Баарына белгилүү Сары-Челек көлү «Сары-Челек» коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктун оозунан көлгө чейин узун жолду басып өтүү керек. Болжол менен анын узундугу 15-20 чакырымды түзөт. Жол бою, тоо этектеринде чытырман болуп турган бак-дарактар тоо бооруна, кырларга чейин өсүп, тоону көк майса чөп, гүлдөр каптап турат.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 141