УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн куруп жаткан компанияларга карата чара көрүүнү УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырды. Бул тууралуу ал Сузак районундагы жолдордун курулушун көрүп чыгуу учурунда айтты.