Бишкек.16.07.2019. Govori.TV

“Текебаев күчтүү саясий оппонент”. Мындай пикирин ДКнын мурунку депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

Анын айтымында “Ата-Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди атайылап шайлоого катыштырбоо максатында кармап жатышат.

Эске салсак, бүгүн Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 2019-жылдын 21 августуна жылдырылды.

Мындай чечимди соттук отурумга төрагалык кылган судья, “Иштин көлөмдүү экендигин, жаңы жагдайлар боюнча тиешелүү документтер сурап билүүгө жана иш терең изилдөөгө убакыт керек” -деген жүйөө менен түшүндүрдү.