• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Саткынбаева: Элеттеги айымдарды ишкерликке тартып, жумушсуздук менен күрөшүү максатым

9 Тогуздун айы 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Парида Саткынбаева.

Саткынбаева кесиби боюнча агроном.

«Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылынан келдим, 5 баланын мээримдүү энесимин. Агрономдук кесипти бүгүнкү күнгө чейин аркалап келе жатам десем болот. Облустук деңгээлде буурчак, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүп жатабыз. Элеттеги айымдарды ишкерликке тартып, жумушсуздук менен күрөшүү жолундамын. Алдыда ораторлук чеберчиликти өздөштүрүп, лидерлик сапатты калыптандыргым келет»,-деди Саткынбаева.

Количество просмотров: 122