Аскер кызматкерлерине пенсия төлөбөө сунушуна каршымын. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Элмурза Садыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, ар бир тармактагы реформа кылдат талдоону талап кылат, андыктан бул сунуш да тыкыр каралган соң гана чечим кабыл алуу зарыл.
«Аскер кызматкерлери пенсияга чыккандан кийин иштесе, пенсиясы берилбейт дегенге мен каршымын. Себеби, алардын жумушу башкаларга салыштырмалуу кооптураак. Эми мыйзамды алып келишсе, көрөлү, талдайлы, кандай сунуш беришет, эмнелерди айтышат… Бирок, мен каршыраакмын мындай нерсеге, эми адам өмүр боюу, айрыкча аскер кызматкери ушу жакшыраак пенсияга чыгайын деп иштейт», — деди Сатыбалдиев.