Камчыбек Ташиев бир мандаттуу депутаттарды “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан чыгуу демилгесин жактырды. Бул тууралуу журналисттерге депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы жыйын өткөрүп, анда 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыгып «Мекенчил» деп топ түзүү сунушталган.
«Жыйынга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, бөлүү демилгесин жактырды. Ал 2007-жылы “Ата Журт” партиясын түзгөн. Анан атын «Ата Журт Кыргызстан» деп өзгөрткөн. Топту “Мекенчил” деп атадык. Бул депутаттык топ Садыр Жапаров жетектеген ушул эле аталыштагы партияга тиешеси жок», — дейт Элмурза Сатыбалдиев.