• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Саясий партия лидерлеринин дебаттарынын графиги жарыяланды

12 Жетинин айы 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партия лидерлеринин КТРКдагы теледебаты 22-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, биринчи болуп «Аруузат», «Ишеним, «Ынтымак», «Альянс» партиялары кездешет.

  • 22-ноябрь — «Аруузат», «Ишеним, «Ынтымак», «Альянс» партиялары;
  • 23-ноябрь — «Жашасын Кыргызстан», «Жашылдар партиясы», «Ата Журт Кыргызстан», «Азаттык» партиялары;
  • 24-ноябрь — «Күчтүү регион», «Ордо», «Ата Мекен», «Ыйман нуру» партиялары;
  • 25-ноябрь — «Улуттар биримдиги», «Улуу журт», «Кыргызстан биримдиги», «Эл үмүтү»;
  • 26-ноябрь — «Мекенчил эл», «Багыт», «Бүтүн Кыргызстан», «Легалайз», «Социал демократтар».
Количество просмотров: 1766