• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Саясий серепчи: Шайлоого аттанган партиялардын программалары маңдай жылытпайт

17 Жетинин айы 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын программалары маңдай жылытарлык эмес. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов бүгүн,17-ноябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоого бара жаткан талапкерлер жана партиялар программалары менен атаандашышы керек болчу.

«Тилекке каршы бүгүнкү күндө куру сөздөр көп айтылып жатат. Шайлоочулар партияларды программалары аркылуу таанып, кызыгуусу артыш керек эле. Эл кооз баннерлерди эмес, болочок депутаттардын кандай иш алып барарын билгиси келет»,-деди ал.

Количество просмотров: 109