Шайлоого аттанган саясий партиялар татыктуу жеңилгенди да билиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өткөн тегерек столдо саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди.
Анын айтымында, жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарын көчөгө алып чыккан эски адаттан алыс болсок.
«Кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керек», —деди Осмонбетов.