• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев комага түштү

9 Кулжа 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Govori.TVга Казакпаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, Марат Казакпаев бүгүн, 9-июнда эртең менен ооруканага түштү.

«Марат Казакпаев «Тез жардам» кызматы менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Учурда инсульт алып комада жатат», — деп билдирди Айткулов.

Эске салсак, Казакпаев өткөн жылдын апрель айында кармалган. Ага карата КР Жазык кодексинин 307-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.

Количество просмотров: 4384