• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Секелек кыздын өлүмү. Жакындары окуя тууралуу үн катты

6 Аяк оона 202214:17 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда каза болгон мектеп окуучусу үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон. Бул тууралуу Super.kg маалымат порталына кыздын атасынын тууганы Үсөн Мурзадиллаев билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдүн ата-энеси Орусияга 20 күн мурун кеткен, кыз чоң энеси менен жашаган.

«Окуя болгон күнү кызды эртең менен саат 9.30дар чамасында көрүшкөн. Саат 10:00дө ал Instagramга кирген. Кылмыштын өзү саат 11.00-12.00 чамасында болгон. Ата-эненин абалы азыр сөз менен жеткиргис. Баары күндүз болсо да, эмне болуп жатканын бир дагы адам көрбөй калганы өкүнүчтүү. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен качпай, мыйзам чегинде жазасын алышын каалайбыз», — дейт Үсөн Мурзадиллаев.

Эске салсак, Кадамжай районунда үч эркек окуучу кызды мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Кыздын денесинде зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери калган — аны муунтуп өлтүрүшкөн, колдору артка байланган. Бул окуя тууралуу билдирүү жазган президент Садыр Жапаров ишти өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.

Количество просмотров: 6499