• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Сел учурунда белине чейин сууга кирген 37 куткаруучу дарыланууга муктаж болгон

25 Теке 202413:58 Бишкек Govori.TV


Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жаратылыш кырсыгында жардам көрсөткөн ӨКМдин 16 кызматкери ооруканага жаткырылганын билдирди. Сел
жүргөн аймактарда сууга белине чейин кирип, куткарууга катышкан 37 кызматкер амбулатордук дарылоого муктаж болгон.

Ошондой эле куткаруу иштерине тартылган 7 инженердик техника капиталдык оңдоого муктаж, 27
атайын техника түрдүү кароолордон өткөн.


Количество просмотров: 331