• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Селден жабыркагандарга таза суу жеткирилди

22 Баш оона 202415:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел сууларынан жабыркаган айылдарга ӨКМдин унаалары менен тургундарга таза суу жеткирилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал үчүн ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча ӨКБнын N31, N32, N33-өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн резервдеги өрт өчүрүүчү унаалар күнүнө 5,5 тонна ичүүчү суу менен Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарында нөөмөттө туруп, тургундарга таза суу таратууда.

Белгиленгедей, тургундарды камсыздоо таза суу туруктуу берилгенче улантылат.

19-августта Корумду, Темир, Садыр-Аке, Булан-Сөгөттү айылдарында 497 үйгө суу киген. Мындан тышкары бала бакча, ФАП, китепкана, пансионаттарды суу каптаган.

ӨКМ учурда 159 үй сел калдыгынан толук тазаланганын айтты. Учурда Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Количество просмотров: 95