• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Селекцияда бычакталган келиндин окуясы. Депутат айымдар тегерек столго чогулду

9 Тогуздун айы 2023 12:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңеште Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга жабырлануучу Аселдин жакындары Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гендердик теңчилик боюнча эксперттер катышууда. Тегерек столдо Селекцияда кулак, мурду кесилген келиндин окуясы талкууланып, резолюция кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын айтымында, тегерек стол зомбулуктун эмне себептен көбөйүп жатканы, ага каршы күрөштү кантип жүргүзүү керек деген маселелердин айланасында өтөт.

«Ал эми Селекциядагы окуяны өзүнчө карап, органдар каякты карап жатышкан, прокуратура, сот жана башка тиешелүү органдар каякты карап, эмне үчүн мындай абалга жетип калганын аныкташыбыз керек», — дейт депутат.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган. Ага сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.

Количество просмотров: 118