• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Бычакталган келиндин жактоочулары үн катты. Тез татымдар текшерилет

2 Тогуздун айы 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

ОРМОН ХАНДЫН 230 ЖЫЛДЫГЫ

Бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда өлкөнүн мамлекеттик туусун көтөрүү каадасы жана Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелигинин ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Ал анда кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун XIX кылымда кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алганын эске салды.

Ошондой эле иш-чарага саясий жана коомдук ишмерлер, ЖК депутаттары, саясатчылар катышты. Иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болуп,  ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулду. Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өттү.

Ормон Ниязбек уулу – кыргыздын сарыбагыш уруусунан көтөрүлгөн ханы. Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга — кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган. Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака-катышта болуп турушкан.

 “ЧЕТ ЭЛДИК ӨКҮЛ” МЫЙЗАМЫ

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 3-октябрдагы күн тартибине кайрадан киргизилди.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан. “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

БЫЧАКТАЛГАН КЕЛИНДИН АДВОКАТТАРЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Сокулук районунун Селекция айылында күйөөсү бычактаган келиндин жактоочулары окуяга кылдат баа берилиши керектигин айтып, Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция аймагында жашаган аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы жаран кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Келиндин кулак-мурду кесилгени кабарланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Милиция буга чейин жабырланган келинди ал эркек зордуктап, уруп-сабап келгенин билдирген. Келинге сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.

ТЕЗ ТАТЫМДАГЫ МАССАЛЫК УУЛАНУУ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги уулануудан соң, бардык тез татым жайларын текшерүүгө буйрук берди.

Дем алышта Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер массалык түрдө ууланган.

Ошол эле күнү Бейшеналиев Бишкектеги массалык уулануу фактысы боюнча Мамэпидкөзөмөл борборунда чукул жыйын өткөргөн. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып салынып, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин жабылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча тез татым түйүндөрүндө уулангандардын саны 43 адамга жетти. 23 бейтап ооруканага жаткарылылган, алардын экөө жаш бала, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Мындан тышкары, 20 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

ЭРТЕҢ СИРЕНА ҮНҮ ЖАҢЫРАТ

Эртең, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондордун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуу өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт. Иш-чара “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.

Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген.

Ведомство жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырат.

Количество просмотров: 200