• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сенин да бетиң жапжалпак, менин да бетим жапжалпак. Анан каяктан чыкты бул чатак?

26 Бештин айы 201711:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.12.17  Болот Абдыжапаров

Кылымдардан бери эриш-аркак жашап келген, 25 жылдан бери расмий дипломатиялык катнашта турган казак-кыргыз мамилеси акыркы жылдагыдай бузулган эмес. Алмазбек Атамбаев президент кезинде Өзбек президенти маркум Ислам Каримов менен пикири келишпегендигин баарыбыз билчүбүз. Бирок Казакстан тарапка, президенти Нурсултан Назарбаевге жакшы эле мамиле кылып, ЕАЭБге кирип, чек аралар ачылганда, элбасын алкаганы дагы бар. Анан мөөнөтү аяктап бара жатканда Евроньюс телеканалына маек берип, Казакстан бизди 2010-жылы экономикалык блокадага алган деп салса болобу.

Бул сөзгө казак бийлигин теригип, Тышкы иштер министрлиги нота жөнөткөнгө чейин барды. Нурсултан Назарбаев бул жолу “Бийлик башында турган адамдын териси пилдикиндей калың болуш керек. Мен баарына чыдайм. Бирок жогорку кызматты ээлеген адам ойлонуп сүйлөш керек”- деп тим болгон.

Чырдын баары президенттик шайлоонун алдында болду. Мелдеште жеңишке жетүу үчүн ар бир саясатчы, ар түрдүу амалдарды колдонот тура. Президенттике талапкер Өмүрбек Бабанов Астанада отурган Нурсултан Назарбаевге жетип барды. Аксакал катары Нурсултан Назарбаев баласындай болгон Бабановго батасын берип, кыргыз элине жаш президент керек деди. Ошондон кийин балээге калды.
Алмазбек Атамбаев казак бийлиги Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жатканын айтып, Нурсултан Назарбаевдин дарегине бир топ жагымсыз сөздөрдү ыргытты.

Алмазбек Атамбаевдин айткандары казак бийлигине жакпагандыгы менен казак элине жакты. “Биздин эң улуу талапкер Нурсултан Назарбаевден 24 жаш кичүү, ошондо кимге жаш президент керек? Алматанын ички дүң продукциясы Кыргызстандыкынан 20 эсе көп болсо, анан эмнеге Казакстандын айлыгы менен пенсиясы Кыргызстандыкынан 5 пайызга эле жогору? Демек казак бийлиги ууру”- деген сөздөрдү казак эли кол чабуулар менен коштоп алды.

Ачууланган Казакстан контрабанда көп болуп жатат деп, чек арадан өткөрүүгө чек коюп салды. Чек араларды бир нече чакырымга узарган жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду. Жер-жемиштер чирип, сүт азыктары ирип кетти. Ишкерлер менен дыйкандар миллиондогон сом чыгым тартты. Бул кырдаалды жөно салганга аракет кылам деп жатып жаңы шайланган өкмөт башчы Сапар Исаков дагы ыңгайсыз абалда калды. Ал Сочиде өткөн Евразиялык кеңештин жыйынында Нурсултан Назарбаевдин жанына басып барып, чек ара маселесин айткан экен. Тиги макул деп коюптур. Чек ара маселеси кудай буюрса чечилди деген маалымат дароо тарады эле, казак өкмөтү аны четке кагып, Нурсултан Назарбаев эч кандай тапшырма бербегендигин айтып чыгышты.

Атамбаевдин “ууру” деген сөзүнө жооп издеген казак бийлиги Кыргызстандын бажы кызматында коррупция гүлдөп, Кыргызстан көргөзгөн импорттун көлөмүн Кытайдын маалыматтары менен салыштырганда 5-6 млрд долларга айырма чыгып жатканын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев башка жерден эмес ЕАЭБдин жыйынында айтты. Сапар Исаков экөө кер-мур айтышып, кыргыз өкмөт башчысы Казакстан ЕАЭБдин келишимдерин так аткарбай жаткандыгын билдирди.

Алмазбек Атамбаев кечирим сурап койсо эле баары чечилмек. Бирок ал тескерисинче улам-улам жаңы неселерди айтып, Казактсандын бийлигинин кыжырына ого бетер тие берди.

Кырдаал курчугандан-курчуп, Атамбаевден үмүт үзгөндөрдүн баардыгы Президенттик шайлоону, жана жаңы президентти эле күтүп калды.
Сооронбай Жээнбеков Президент болуп шайланып, алгачкы иш сапары Москвага, андан ары ЖККУ нун саммитине катышуу үчүн Минскиге бармак болду. Ал жерден Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен жолукмак. Эми эмне болоор экен деп элейип турсак, баары жакшы болду. Эки Президент жылуу-жумшак көрүшүп, Назарбаев Жээнбековду куттуктап, ошол жерден эле чек ара маселеси көтөрүлүп, бир топтон бери чечилбеген маселе, бир күндө чечилди.

Кечээ Казакстан Президентинин чакыруусун кабыл алып, Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Астанага барды. Мындан мурда эки өлкөнүн президенттери канча жолу жолукса дагы бул жолку жолугшуу эмнегедир тарыхый окуяга окшоп кетти.
Нурсултан Назарбаев алгачкы сөзүндө казак-кыргыз мамилеси тууралуу кеп козгоду.

“Биз сизди күтүп жатканбыз жана кубаныч менен тосуп алуудабыз. Биз көз карандысыз өлкө катары 26 жылдан берт жашап келе жатабыз. Мен бул убакыт ичинде бир да жолу Кыргызстандын дарегине жаман сөз айтпадым. Бул туура. Биз келебиз жана кетебиз, ал эми эки кошуна мамлекет бизден кийин дагы жашайт”,-деди Назарбаев.

Сооронбай Жээнбеков дагы Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирип,

“Сиз биздин аксакалыбызсыз. Улуу агабызсыз деди”.

https://www.youtube.com/watch?v=eUmcEZHDUIo

Ошентип казак-кыргыз мамилесинин аягы жакшы болуп кеткенине кубангандар кол чаап жиберишти. Арасында Алмазбек Атамбаев казак бийлигине каршы сүйлөгөндө кол чапкандар дагы жүрөт.

Количество просмотров: 218