• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сергей Лавров: «Россия кандай болсо, ошондой. Биз өзүбүз кандай экенибизди көрсөткөндөн уялбайбыз»

17 Кулжа 2022 11:07 Бишкек Govori.TV

Орусиянын тышкы иштер министри Би-Би-Синин москвадагы кабарчысына маек бергенин, Би-Би-Синин кыргыз кызматы жарыялады.


Маектин жүрүшүндө журналист Орусия менен Украина ортосундагы мамилелер тууралуу бир канча суроо узатты.


Петербургдагы экономикалык форум убагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергге маек курду. Ал бир топ суроо арасында өлүм жазасына өкүм кылынган туткундагы британдыктар маселесине токтолуп, БУУ Украинадагы орус аскерлеринин болжолдуу кылмыштары жөнүндө «фейк» маалыматтарга таянып жатат деп айтты.


«Сиз билесизби, биз Украинага басып кирген жокпуз. Биз атайын аскердик операция баштадык, анткени Батыштын Украинаны НАТОго тартып, кылмыштуу иш кыла баштаганын түшүндүрүүнүн башка жолу жок калды», — деди Лавров.


Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин да бир нече жолу чыгып сүйлөп, Украинага 24-февралда башталган куралдуу басып кирүүнү ушундай түшүндүргөн эле.
Путиндин жүйөөсүнө караганда, Украинада аскердик инфраструктура курулуп башталган, «жүздөгөн чет элдик кеңешчилер келип», «коркунуч күн өткөн сайын күчөй баштаган». «Россия агрессиянын алдын алган аракет жасады «, — деген Путин бул «суверендүү» мамлекет тарабынан «бирден бир туура чечим болду» деп баса белгилеген.


«Биз өзүбүздүн кандай экенибизди көрсөткөндөн уялбайбыз»
Би-Би-Синин кабарчысы БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелеттин май айында айтканын сөзмө сөз кайталап, эске салды. Ал Чернигов областындагы Ягодное айылында орус аскерлери 28 күн бою 360 адамды, анын ичинде 74 бала менен беш майыпты, мектептин жер төлөсүндө дааратканага жибербей, суу бербей камап турушканын, он улгайган адам өлгөнүн билдирген.


«Нацизм менен күрөшпү ушул?» — деп сурады Би-Би-Си кабарчысы.


«Сиз билесизби, эл аралык чиновниктер, анын ичинде адам укуктары боюнча жогорку комиссар дагы, тилекке каршы, БУУнун баш катчысы жана Бириккен улуттар уюмунун башка көптөгөн өкүлдөрү Батыштын кысымына алынууда. Ошондуктан көп учурда Батыш таратып жаткан фейк жаңылыктардын жарчысы болуп калууда»,-деп жооп берди Лавров.


«Демек, Россия апакай, эч күнөөсү жок экен да?» — деп сурады журналист.

«Жок, Россия апакай эмес. Россия кандай болсо, ошондой. Биз өзүбүз кандай экенибизди көрсөткөндөн уялбайбыз»,-деди министр.


Би-Би-Си мурда айткандай, Ягодное кыштагы Киевден 140 км аралыкта Беларус менен чек арага жакын турат. Кыштак орус армиясынын көзөмөлүндө дээрлик бир ай болду. Аскерлер айылга киргенде курал менен коркутуп, эркек-аял дебей, балдарды кошуп, баарын үйүнөн айдап чыгып, жергиликтүү мектептин жертөлөсүнө киргизип, төрт апта кармашкан.
«Силер өзүңөрдөгү сотту көз каранды эмес дейсиңерби?»


9-июнда өзүн жарыялап алган Донецк элдик республикасынын соту британдык Шон Пиннер менен Эйден Аслинди, ошондой эле Марокконун жараны Саадун Брагимди бийликти күч менен басып алууга жалданып иштеген, террордук максатта машыгуудан өткөн деп айыптап, аларды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул үчөө тең Россия басып кире электе эле контракт менен Украинанын куралдуу күчтөрүнө кызмат кылууга өтүшкөн.


«Батыштын көз алдында Россия бул адамдардын тагдырына жооп берет. Сиз ойлобойсузбу…» — деп Би-Би-Си журналисти суроо бере баштаган.


«Жок, — деп жооп берди министр суроонун аягына чейин укпай. — Угуп коюнуз, Батыштын көзү мени таптакыр кызыктырбайт. Мени эл аралык укук гана кызыктырат. Эл аралык укук боюнча жалданма аскерлер комбатант болуп саналбайт. Ошондуктан силердин көзүңөрдөгүнүн, ачык айтканда, эч мааниси жок».


«Алар жалданма аскерлер. Алар украин куралдуу күчтөрүндө кызмат кылып жатышкан»,- деп Розенберг талаша кетти.


«Муну сот чечет»,- деди Лавров. ДЭРдеги сотту көз каранды эмес деп эсептейби деген суроого: «Алардыкы көз каранды эмес сот, мен ишенем. А сиз силерде [Улуу Британияда] көз каранды эмес сот бар деп эсептейсизби?»-деп жооп кайтарды.
«Кана, колуңардан келсе!»


Россия менен Британиянын ортосундагы мамилелерге токтолуп, Лавров «менимче, бул мамилелерде маневр жасаганга эч ылаажы жок»,-деп билдирди. «Анткени [премьер-министр Борис] Джонсон, [тышкы иштер министри Лиз] Трасс эл алдында «Биз Россияны жеңишибиз керек, биз Россияны чөгөлөтүшүбүз керек» деп билдирүү жасашпадыбы. Кана, колуңардан келсе!» — деп кошумчалады ал.


Улуу Британияны азыр Лавров кандай көрөт деген суроого берген жообу мындай болду: «Өз элинин кызыкчылыгын кезектеги шайлоодон башка эчтекени ойлобогон саясатчылардын амбициясына дагы бир жолу садага чаап жаткан өлкө». (КС)

Количество просмотров: 269