• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Сезим» кризистик борбору кайрылуу жасады

9 Бештин айы 2017 16:26 Бишкек Govori.TV

Урматтуу коомчулук! Кечээ күндөн бери социалдык түйүндөрдө  биздин борбор купуя сырды жайып жиберди деген айыптар айтылууда. Кеп Чубак ажы Жалиловдун жубайынын арызы тууралуу болуп жатат.

ММКларда жана интернетте бизге жазган арызынын нускасы жайылып жатат. “Сезим” борбору расмий түрдө эч кандай маалыматты журналисттерге жана блогерлерге бербегендинигин маалымдайт. Уку коргоо органдарына жана арызды жарыялаган ММКларга кайрылып, бул маселени дыкат иликтөөгө алууну суранабыз.

Купуя сырды жашыруу бул биздин ишмердүүлүгүбүздүн негизги принциби болуп саналат. Себеи биз ар бир жарандын укугун сыйлайбыз жана бизге ишенген кардарлардын  ишенимин жогору баалайбыз. Биз  ишмердүүлүгүбүздө бир дагы жолу бул принциптен кайткан эмеспиз.

Бул маалыматты коомчулук жеткирип коюңарды өтүнөбүз.

Тынчылык жана ийгилик болсун!

Количество просмотров: 20