• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Үшүк жүрөт. 20-апрелде күтүлгөн аба ырайы

19 Чын куран 202516:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге коркунучтуу.

Жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 18…20° болот.

Количество просмотров: 321