Бүгүн, 14-сентябрда социалдык тармактын колдонуучулары таң эртеден бери шаарды айланып чуркап жүргөн төө куштун видеолорун жарыялашкан.
Күбөлөр кабарлагандай, милиция кызматкерлери кушту кармоого аракет кылышкан. Натыйжада төө кушту Кеңеш айылынын тургуну Расул Юсупов кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.