• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Шаардык сот адвокат Токтакуновдун иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

28 Жалган куран 202217:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык сотунда адвокат Нурбек Токтакуновдун иши каралып, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Токтокунов учурда Бишкектеги Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө 3 күндөн бери кармалып жаткан.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта Биринчи Май райондук соту Токтакуновду Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Ошол эле күнү жактоочу Нурбек Токтакунов апелляциялык арыздын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылган. Бирок, 25-мартта эртең менен Нурбек Токтакуновду кайрадан кармап кетишкени тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил уулу билдирген.

Ал эми шаардык соттун алдына жарандык активисттер, укук коргоочулар, Токтакуновдун кесиптештери менен жакындары чогулган.

Количество просмотров: 138