• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сот Даниел Ажиевди 9 жыл абакта калтырды

9 Тогуздун айы 202417:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Даниел Ажиевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү, Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн Даниел Ажиев, А.А.Ж., Т.Н.Тга карата өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин айондук сот Ажиевди 9 жыл абакка кескен.

Эске сала кетсек, Ажиев 2023-жылдын 5-июнунда веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалган. Ал Өзбекстан аркылуу БАЭге учуп кетүүгө аракет кылып, коңшу мамлекеттен колго түшкөн.

Окуяны эске салсак, Э.А. аттуу жаран андан акча талап кылып жаткандыгын айтып УКМКга кайрылган. Анын айтымында, ал веб-камера студияларынын оператору болуп иштеп, эмгек тартибин бузуп, ал үчүн администратор тарабынан психологиялык кысымга кабылган. Мындан тышкары ага зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, андан 2 миң доллар талап кыла башташкан.

Ушундан кийин веб-камера студияларынын кожоюну Д. Ажиевге кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 211