Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткени тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Азаттыкка» ырастады.
Мекеменин 5-марттагы маалыматына караганда, тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөн. Ижара тууралуу буюртмага байланыштуу Ажиевдин жакындары сүйлөшкөн.
Буга чейин социалдык тармактарда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинен тик учак учуп чыкканы тартылган тасма тараган. Видеого тарткан киши тик учак Даниэл Ажиевди алып кеткени келгенин айтканын угууга болот.
ЖАМК бул видео тууралуу маалымат бере элек.
Булак:Азаттык