• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык сот Next TVнын директору Таалай Дүйшембиевди камакта калтырды

24 Жалган куран 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык соту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди камакта калтырды.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшембиевдин баш коргоо чарасын карап, аны эки айга, тагыраагы 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыгарган.

Эске салсак, УКМК Next TV телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 110