• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту Канышай Мамыркулованы абакта калтырды

9 Чын куран 202518:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-апрелде Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин карап, аны абакта калтырды.

Белигилей кетсек, милиция кызматкерлери журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ал эми Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.

Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан болчу.

Бүгүнкү соттук отурумга Кынышай Мамыркулова алынып келинген. Соттук отурум ачык өтүп ага журналисттин жакындары жана тарапташтары келип колдоо кылышууда. Бирок отурумда видеого тартууга уруксат берилген жок.

Эске салсак, Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып коюлган.

Количество просмотров: 515