• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Шабдыраева: Жергиликтүү кеңешке депутат болуу максатын койдум

27 Үчтүн айы 2024 10:08 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Чолпон Шабдыраева жарандык активист, Нарын шаарынан келген. Ал 52 жашта, үч баланын энеси.

«Өзүм бизнес-консультант, тренермин, андан тышкары жарандык активистмин. Жарандарга ар кандай мамлекеттик документтерди толтурууда жардам берип келем. Себеби, электрондукка өткөндөн кийин көп кыйынчылыктар орун алды. Мен өзүмдү социалдык ишкермин деп айтам, анткени ишкер болом деген аялдарга, жаштарга туура багыт бергенге аракет кылам. Мен мындай тренингдерге көп катышканымдын себеби, билимимди өстүрүү, тажырыйба топтоо. Ал эми келечекте жергиликтүү кеңештин депутаты болсом деген тилегим бар», — деди ал.

Количество просмотров: 125