• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шадиевдин ордуна депутат болгон Эрмамат Тагаев ант берди

14 Жетинин айы 2018 10:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Жогорку Кеӊеште «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Эрмамат Тагаев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.
Эске салсак, ал өлкөдөн качып кеткен Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.
Жогорку Кеӊештин Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Эрмамат Тагаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Количество просмотров: 33