• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шахмат боюнча олимпиадада Казакстан, Өзбекстан алдыга чыкты. Кыргызстанчы?

24 Аяк оона 202411:46 Бишкек Govori.TV

Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында 45-дүйнөлүк шахмат олимпиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу ФИДЕнин сайтында маалымдады.

Ачык секцияда 189 команда ойносо, кыз-келиндер арасында 169 команда катышты. Кыргызстандын курама командасы ачык секциядан 65 орунду, кыз-келиндер арасында 79-орунду ээледи.

Индиялык шахматчылар жеңүүчү болушту. Индиялыктар шахматтын эки түрүнөн тең алтын медаль алышты. 2-орунду АКШ, 3-орунду Өзбекстан ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы оюнда 2-орунду казакстандык шахматчылар алышты. 3-орунга америкалыктар чыкты.

Количество просмотров: 145