• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

18 жаштагы индиялык гроссмейстер шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду

12 Бештин айы 202423:19 Бишкек Govori.TV

Индиялык гроссмейстер Гукеш Доммараджу шахмат боюнча дүйнөнүн 18-чемпиону болуп калды. Бул тууралуу ФИДЕ нин сайты кабарлады.

Шахмат боюнча дүйнөнүн кезектеги чемпионаты Сингапурда өткөн. Индиялык шахматчы Кытайдан чыккан буга чейинки дүйнө чемпиону Дин Лижэнди 14-партияда утуп алды.

Жалпысынан Гукеш 3 партияны уткан, ал эми Дин 2 партияны утуп, экөө 9 партиядан тең чыгышкан.

Байгеге жалпы 2,5 млн доллар коюлган. Бул сумманын негизги бөлүгү жеңүүчүгө тиет.

Дин Лижэн былтыр Ян Непомнящий аттуу мурдагы чемпионду утуп алган. Быйыл болсо индиялык 18 жаштагы жигитке утулуп калды.

Количество просмотров: 234