• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шаимкулова: Мен эми  шайыр жеңеңермин

21 Бирдин айы 2018 9:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.18.Govori.TV
Мен ырдабай калган жашоомду кайра баштаганга чейин “Кыз-жигит Сармердендин” күйөрманы болчумун. Өнөр жолумду кайра улантып, чыгармачылыкка аралашканда мына ушул Сармерден менен баштап элге таанылгам. Бул туурасында ырчы “Кыз-жигит Сармердендин” шайыр жеңеси  Анара Шаимкулова Govori.TV сайтына билдирди.
“Сармерденге кастинг жүрүп жатканда эл катары мен дагы барып катышкам. Калыстар тобу байланышабыз дегенинен кийин эки жолу кастинг болуптур. Мен өтпөй калдымго деп ойлогом. Бирок, калыстар тобунун жыйынтыгы менен 30га чукул кыз-келиндин арасынан мен тандалыптырмын. Абдан кубандым. Мен үчүн бул жаңылык күтүүсүз болчу. Калыстардын сынынан өтүп, чоң жоопкерчилик алган соң буйруса  татыктуу эмгектенип, болгон өнөр шыгымды жумшоо чоң милдетим. Мен эми  шайыр жеңеңермин. ” –дейт Шаимкулова.

 

Белгилей кетсек, Анара Шаимкулова кыргыз фальклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал комуздун коштоосунда бир катар чыгармалардын ажарын ачкан өнөр ээси.
Количество просмотров: 26