• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайлдабекова: Добуштары күмөн жараткан тилкелерди техникалык топ текшерет

8 Бештин айы 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоодо добуштарды автоматтык түрдө эсептеген урналардын ишин текшере турган көз каранды эмес техникалык топ ишин бүгүн 8-декабрда баштай турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алты партиядан күмөн жараткан 600дөй участок боюнча арыз-даттануу түшкөн, алардын жүздөн ашуунун кол санактын протоколдору жарыялангандан кийин кайра кайтарып алышкан.

“Автоматтык эсептөөчү урналар боюнча бардык маалыматтар системага киргизилди. Кол менен саноо протоколдорун киргиздик. Графикалык көчүрмөлөр бар. Ар бир партия менен ошол участокторду карап көрсөк. Биздин адистер ар бир партия менен иштеп чыкса”, — дейт ал.

Шайлдабекова арыздар «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ынтымак», «Ишеним», «Азаттык» жана «Эл үмүтү» партияларынан түшкөнүн белгилеп, күмөн жараткан участоктор боюнча тактоо иштери партиялардын жана байкоочулардын катышуусу менен өткөрүлөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 78